Кошумча жолдорду салууну жеке жактарга берүүгө даярбыз – президент
Биз кошумча жолдорду салууну жеке жактарга берүүгө даярбыз, деп билдирди бүгүн президент Садыр Жапаров Өзгөн районундагы айланма жолдун ачылыш аземинде.
Президент өз сөзүндө жаңы жана пландаштырылып жаткан альтернативдүү жолдордун курулушу региондордун жол инфраструктурасын кыйла жакшыртары жөнүндө айтып берди.
Негизги долбоорлордун катарында Суусамыр – Арал альтернативдүү жолу (115 км), Алматы – Кемин – Ысык-Көл авто жолу (150 км), Бишкек – Кемин айланма жолу (105 км), Ош (35 км), Ноокат (12 км). Мындан башка дагы альтернативдүү жолдордун долбоорлору даярдалып жатат, алардын ичинде Токтогул суу сактагычынын ортосун кесип өтө турган жол салына турган болсо азыркы жол 80 чакырымга кыскартылат, дагы Төө-Ашууда азыркы туннелден миң метрге төмөнкү деңгээлде альтернативдүү туннелди куруу аркылуу жолдо жүрүү убактысын кыйла кыскартууну караган долбоор да бар. Бишкектен “Манас” аэропортуна жетиш үчүн Маевка, Озерное айылдары аркылуу өтө турган 27 чакырымдай альтернативдүү төлөнүүчү жол бар.
Садыр Жапаров жолдордун өзүн-өзү актоосу өтө узак мезгилге созуларын баса белгиледи. Бирок жол инфраструктурасын өнүктүрүү зарылдыгын эске алып, мамлекет эл аралык жана улуттук маанидеги жолдорду курууну улантууда.
“Биз кошумча жолдорду салууну жеке жактарга берүүгө даярбыз. Эң биринчи кезекте ички инвесторлорубузга артыкчылык беребиз. Керек болсо өзүбүздүн ишкерлерге конкурсу жок, түз эле берүүгө макулбуз”, - деп, мамлекет башчысы акчаларды ушундай элге пайда алып келе турган долбоорлорго жатырым кылууга чакырды.
