Исатбек кызы Мамкаттоонун кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүүнү сунуштады
Мамлекеттик каттоо кызматында айлык акы 25 миң сом. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында депутат Аида Исатбек кызы билдирди.
Ал Министрлер Кабинетин бул маселеге көңүл буруп коюуга чакырды.
«Өткөн жумада Мамлекеттик каттоо кызматына баргам. Ал жактагы кызматкерлердин көйгөйү айлык акы экен. Орточо маяна 25 миң сом. Өзүңүздөр билгендей, күндөн күнгө кымбатчылык күчөп жатат, ушундай маалда 25 миң сом менен жашоо мүмкүнбү? Ушул акчага кандай шарт түзүүгө болот?», – деди депутат.
