Баткен жана Фергана облустарынын маалымат каражаттары кызматташат
Баткен облусунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Өзбекстандын Фергана облусунун маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен Фергана шаарында жолукту.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, алар Фергана облусундагы телевидение, гезит, радиолордун ишмердүүлүгү менен таанышып, журналисттер тажрыйба алмашты.
УТРК Баткен телеканалы менен Фергана облусунун Рухсор телерадиокомпаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Тараптар кыргыз-өзбек элинин кылым карыткан конушалык жакын мамилесин, достугун чыңдоо жана Баткен-Фергана облустарынын ар тараптуу кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган, биргелешкен материалдарды даярдоо боюнча макулдашты.
Ошондой эле журналисттер Фергана облусундагы тарыхий жана туристтик объекттерде болуп, туристтер үчүн түзүлгөн шарттарды көрүштү.
