
Кара-Суу районундагы адам өлтүрүү фактысын милиция иликтөөдө
2025-жылдын 20-июнь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө адам өлтүрүү фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган кезде, Мады айыл аймагынын тургуну үйүндө аялы менен кайын энесин учтуу нерсе менен кол салганы, натыйжада, аялы денесинен жараат алып ооруканага жеткирилгени, ал эми кайын энеси окуя болгон жерде каза болгондугу маалым болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталды.
Жүргүзүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну 1991-жылы туулган К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.