Ош облустук ооруканасында заманбап МРТ борбору ачылды
14 июль

Ош облустук ооруканасында заманбап МРТ борбору ачылды

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын базасында 14-июлда заманбап магниттик-резонанстык томография (МРТ) борбору расмий ачылды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, мамлекеттик органдар жана инвесторлордун өкүлдөрү катышты.

Бул борбор «Шаньшуй Силк Роуд КейДжи» ЖЧКсынын инвестициясы жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишиминин алкагында ишке ашырылды.

Долбоорго жалпысынан 1 миллион АКШ долларынан ашык каражат салынды. Анын негизинде имарат толук оңдолуп, Кытайда өндүрүлгөн uMR 580 үлгүсүндөгү, 1.5 Тесла кубаттуулуктагы МРТ аппараты орнотулду.

Мурда бул ооруканада МРТ аппараты жок болгондуктан, бейтаптарды башка борборлорго жөнөтүүгө туура келчү. Эми болсо, МРТ кызматы оорукананын өзүндө жеткиликтүү болуп, так жана сапаттуу дарт аныктоого шарт түзүлдү. Жыл сайын миңдеген бейтаптар бул жабдуунун жардамы менен диагностикадан өтө алышат.

МРТ борборунун ачылышы — Кыргызстандын түштүк аймагындагы калк үчүн жогорку технологиялуу медициналык жардамды жеткирүүнүн маанилүү кадамы болуп саналат.