Панфилов паркындагы аттракциондордун иши убактылуу токтотулду
Бишкектеги Панфилов паркында аттракциондордун иши убактылуу токтолду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Укук бузуулар жөнүндөгү кодексе ылайык, аттракциондун ээсине 35 миң сом айып салынды.
Жеринде текшерүү жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлдү.
Белгилей кетсек, 31-мартта Бишкектеги Панфилов паркында аттракциондон кыз кулап түшкөн. Жабырлануучунун абалы оор, реанимацияда жатат.
Учурда аталган факт боюнча тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
