Акыркы 3 жылда Кыргызстанда бир дагы митинг болгон жок — Садыр Жапаров
Акыркы 3 жылда Кыргызстанда бир дагы митинг болгон жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Өзгөн районундагы айланма жолдун ачылыш аземинде айтты.
Анын айтымына караганда, өлкөдө стабилдүүлүк орноду, ички дүң продукциябыз өстү.
“Ошол үчүн тыштан келген инвесторлор азыр кезекке келип тура башташты. 2021-жылдан бери биздин өлкөгө түз жана кыйыр түрдө 5 млрд доллардан ашык тыштан инвестиция келди. Ошондуктан биз каралоочуларга көңүл бурбай, баш көтөрбөй иштеп, адал иш менен жеңебиз”, - деди президент.
Садыр Жапаров жол инфратүзүмү мамлекеттин кан тамыры болуп эсептелгендиктен, бул тармакты өнүктүрүү менен өлкөнүн ар тараптуу өнүгүшүнө шарт түзүлөрүн айтты. Жаңы жолдор аймактын логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет, соода жана туризм тармактарынын алдыга жылышына чоң өбөлгө болот.
