Бишкекке 120 электробус келет
1 апрель

Бишкекке 120 электробус келет

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Шаар транспортун электрлештирүү” долбоорунун алкагында Бишкекке 120 электробус келет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

2025-жылдын май айынын аягына чейин China Road and Bridge Corporation компаниясынын подрядчылары эки автобазадагы бардык курулуш иштерин бүтүрүшү керек.

Мындан тышкары, электр автобустарынын токтоп калуусу үчүн жоопкерчилик подрядчыга жүктөлөт жана буга байланыштуу бардык чыгымдарды подрядчы заказчынын пайдасына төлөйт.