Кыргызстанда шайлоо күнү жол коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте камсыздалууда
30 ноябрь

Кыргызстанда шайлоо күнү жол коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте камсыздалууда

Бүгүн, 30-ноябрь, өлкө аймагында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Башкармалыктан кабарлашкандай, айрыкча ЖКККББнын кызматкерлери шайлоо маалында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык аймактарда күчөтүлгөн режимде нөөмөттө турушат.

Жол тескөөчүлөрү шайлоого келген жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү, добуш берүү тилкелеринин айланасындагы тыгындардын алдын алуу жана транспорттун үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздоо максатында иштерди жүргүзүп жатышат.