Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берди
30 ноябрь

Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берди.

Ал өзүнүн добушун Бишкек шаарындагы № 26 жалпы билим берүүчү орто мектепте жайгашкан № 1123 шайлоо участкасында берди.

Республика боюнча 2492 шайлоо участогу болсо, ал эми өлкөдөн тышкары чет мамлекеттерде 100 шайлоо участогу ачылган.