Бишкекте ысык суу 31-майда эмес, 1-июнда берилет. Жылуулук түтүктөрү текшерилет
«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы ысык суу берүү алдында жылуулук түтүктөрүн текшерүүдөн өткөрөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 29-30-май күнөрдөрү “Бишкекжылуулукэнерго” тарабынан Бишкек шаарынын төмөнкү аймактарында жылуулук тармактарын тыгыздыкка текшерүү иштери жүргүзүлөт: Жал кичи району, Газ жана Совмин шаарчалары, Кудайберген базары (Аскер шаарчасы), Темир жол ооруканасы жана №4 шаардык ооруканасынын аймагы.
Мэрия шаар тургундарын сыноо иштерине карата үйдөгү жана короодогу крандарды ачык калтырбоого чакырат, эгер кооптуу учурлар байкалса жана кошумча суроолор жаралса «Бишкекжылуулукэнерго» МИсинин байланыш номерине чалыңыз: 0(312) 49 00 86, WhatsApp +996 701 777 110.
Бишкек мэриясынан ысык суу 31-майда эмес, 1-июндан тарта берилерин эскертишти. Андыктан суу агып кетпеш үчүн "Аристон" сыяктуу суу жылытуучу каражаттар өчүк болуусу шарт.
