Кыргызстан жана Кытай санариптик технологиялар багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө
1 апрель

Кыргызстан жана Кытай санариптик технологиялар багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө

КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинде Карамай шаарынан (КЭР) келген делегация менен жолугушуу болуп өттү, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы. 

Маалыматтарды иштеп чыгуудагы жана санариптик мамкызматтардагы тажрыйба алмашуу талкууланды.

Кыргыз тарап өзүнүн жетишкендиктери, анын ичинде «Түндүк» жана G-cloud менен бөлүштү. Кытайлык өнөктөштөр дата-борборлорду түзүүдөгү тажрыйба менен бөлүштү.

Ошондой эле тараптар бири-бирин негизги IT-иш-чараларына чакырышты: Бишкектеги (29-30-май) КИТ-2025 форуму жана Карамайдагы «Кытай-ШКУ» форуму (2025-жылдын июну).