"Арал" посту ачылды
10 январь

"Арал" посту ачылды

Бишкек – Ош унаа жолунун “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 10-январь, саат 10:50дөн тарта оор жүк ташыган унаалар каттай баштады.

Белгилей кетсек, чектөө кечээ, 9-январда Бишкек – Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында саат 20:20дан киргизилген.