Нарында оорукананын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды
24 апрель

Нарында оорукананын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК саламаттыкты сактоо системасындагы коррупциялык иштерди аныктоо жана бөгөт койууга багытталган ыкчам иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында козголгон кылмыш ишинин алкагында, Нарын облустук бириккен ооруканасынын травматология жана ортопедия бөлүмүнүн башчысы К.Т.С. пара талап кылып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган К.Т.С., Нарын облусунун Ак-Кудук айылынын тургуну К.У.Т. дан, анын атасына жасалган операциясы үчүн 90 миң сомду опузалап талап кылган.

Соттун санкциясына ылайык, кармалган К.Т.С. Нарын шаарындагы №24 ТУКЖ киргизилди.