2ГИС карталык сервисинин кыргыз тилиндеги версиясы ишке кирет
1 апрель

2ГИС карталык сервисинин кыргыз тилиндеги версиясы ишке кирет

2025-жылы 2ГИС карталык сервисинин мамлекеттик тилдеги версиясы ишке кирет. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев менен 2ГИС компаниясынын өкүлүнүн жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын аймагында 2ГИС сервисин мамлекеттик тилде жеткиликтүү кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жана кызматташтыктын алкагында аткарылуучу пландары тууралуу ой бөлүштү. Ошондой эле мамлекеттик тилди санарип мейкиндикте кеңейтүү жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча пикир алышуу жүрдү.

2ГИС компаниясынын маалыматына ылайык, учурда мамлекеттик тилде которуу процесси жүрүп жатат. Котормо иштери Улуттук комиссияга караштуу Кыргыз Энциклопедия жана терминология борбору тарабынан бирге жүргүзүлүүдө.

Бул жаңылык кыргыз тилинде маалымат алууну жеңилдетип, жарандар үчүн сервиске болгон жеткиликтүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия мамлекеттик тилдин маалыматтык технологиялар тармагында кеңири колдонулушун камсыздоо багытында иш алып барууну улантат.