Унаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан жаран 20 миң сомго айыпка жыгылды
Унаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан жаран 20 миң сомго айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ЖКККББнын башчысынын орун басары Эмиль Жакыпов тарабынан терезесин караңгылаткан унаа токтотулган.
"Айдоочуга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү протокол толтурулган сөн айып салынды", - деп айтылат маалыматта.
