Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
1 апрель

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы эки өткөрүү жайы убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан кабарлашты. 

"Кытай тараптын демилгеси менен КЭРде Цинмин - маркумдарды эскерүү күнүн майрамдоого байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары 2025-жылдын 4-апрелинде убактылуу жабылат", - деп айтылат билдирүүдө. 

Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү аталган пункттар аркылуу өткөрүү 2025-жылдын 5-апрелинен баштап кайрадан жанданат.