МинКабды «таарынткан» Балбак Түлөбаев өзүнүн да таарынычын айтты
24 апрель

МинКабды «таарынткан» Балбак Түлөбаев өзүнүн да таарынычын айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев «таарынчак» Министрлер Кабинетине жооп берди.

Айтымында, ал Жети-Өгүз районундагы эки авариялык абалдагы мектеп боюнча Министрлер Кабинетине кайрылып, бирок формалуу жооп ала бергенден чарчагандан улам эмоцияга алдырып катуу билдирүү жасаган. Андан соң эле дароо МинКаб өкүлдөрүнөн «таарынган» телефон чалуулар болгон.

«Кыргыз өкмөтү менен Жогорку Кеңеш куштун эки канатындай. Бирөө аксаса, экинчиси кошо аксайт. Мамлекеттик көйгөйлөрдү чечүүдө экөө тең учканда гана өлкө өнүгөт деп ойлойм. Кечээ күнкү билдирүүмдөн кийин мага таарынып телефон чалгандар болду. Мен өзүбүздүн МинКаб төрагабызга кайрылбаганда, Өзбекстандын же Казакстандын төрагасына кайрылайынбы?! Биз элдин көйгөйүн чечүү үчүн көп каттарды жазабыз. Бирок ага «Биз муну карап атабыз, бюджетке кирсе Кудай буйруса, чечилет» деген гана жооп келет. Түбүнө министрдин орун басары кол коюп коет. Ошону менен аймактардын көйгөйү калат. Министрдин өзүнө жеттиби, ал карадыбы – аны менен эч кимдин иши жок», – деди депутат.

Ошондой эле, ал учурда өлкөдө өнүгүү болуп жатканын, аны көрбөгөн адамдар же сокур же жинди же көралбас гана болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Аны менен катар Түлөбаев Министрлер Кабинетине өзүнүн да таарынычын айтып алды.

«Жакшы жактарга өзүңөр барасыңар, депутаттарды чакырбайсыңар. Биз дагы тарыхый окуялардын ичинде кызмат кылып жатпайлыбы. Биз дагы тарыхта калган 7-чакырылыш бололу деп аракеттенип жатабыз да. Анан бирдеме десе эле таарынасыңар. Таарынсаңар Таласка кеткиле. Таарынчак болсоңор мамлекеттик кызматка келбегиле. Кызматты жыйыштырып коюп, үйүңөрдө отуруп алып аялыңарга таарынгыла» – деди депутат.