Кыргызстанда жол белгилерин жаңылоо иштери уланууда 
1 апрель

Кыргызстанда жол белгилерин жаңылоо иштери уланууда 

Кыргызстандын жолдорунда эскилиги жеткен жол белгилерин жаңылоо жана жетишсиз жерлерге орнотуу иштери жүрүүдө. Бул туралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Жумуштар министрликке караштуу «Кыргызавтожол-Түндүк» жана «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылууда. 

Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устакана жыл башынан бери 2 миң 800 жол белгисин чыгарды.

«Мында биринчи кезекте сапатына өзгөчө көңүл бурулгандыктан керектүү материалдардын бардыгы атайын буюртма менен алынып келинүүдө. Ошондой эле, жол белгилердин тирөөчүн полимердик краска менен боей турган атайын жабдуулар алынып, алар толук кандуу иштеп жатат», – деп айтылат маалыматта.