Токтогулда жаңы балдар реабилитациялык борборунун курулушу башталды
30 ноябрь

Токтогулда жаңы балдар реабилитациялык борборунун курулушу башталды

29-ноябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы курулушу жаңы башталган бир катар объектилер менен таанышты.

Алардын бири Токтогул шаарынын Момункулов көчөсү 27/2 дарегинде курулуп жаткан майыптыгы бар балдар үчүн курулуп жаткан реабилитациялык борбор. Жалпы аянты 1746,95 чарчы метр.

Белгилей кетсек, аталган долбоор Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык курулууда.

Долбоорго ылайык, 3 кабаттуу имарат жертөлөсү менен курулат. Имараттын 1-кабатында кабыл алуу, ата-энелер менен жолугушуу, процедуралык жана кызматкерлер бөлмөсү ошондой эле ашкана жайгашат. 2 жана 3-кабатта палаталар, балдар жана кыздар үчүн өз-өзүнчө санитардык, ванна бөлмөлөрү, процедуралык жана кир жыйноочу бөлмөлөр каралган. Имарат заманбап талаптарга жооп берип, бардык керектүү пандустар менен камсыздалат.

Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” ишканасы тарабынан ишке ашырылат.