Бишкектин бир бөлүгүндө 3-апрелде ичүүчү суу болбойт. Карта
1 апрель

Бишкектин бир бөлүгүндө 3-апрелде ичүүчү суу болбойт. Карта

Бишкектин айрым жерлеринде 3-апрелде саат 10:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өчүрүү  төмөнкү көчөлөрү менен чектелет:
Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев,  Гагарин, Боронбай, Көпүрө-Базар, Ахунбаев, Чортеков, Муромский, Циалковский, Т. Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрүндө, «Рабочий Городок», «Институт Землиделия», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо» конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана  «Тенир-Тоо» конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы).

Ичүүчү сууну өчүрүү «Гагарин» жана «Түштүк-Батыш» суутоптоморунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин өткөрүүгө байланыштуу жүргүзүлөт.

«Бишкексууканал» МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.