ТИМ Түркиядагы кыргызстандыктарды этият болууга чакырды
20 март

ТИМ Түркиядагы кыргызстандыктарды этият болууга чакырды

Түркияда болуп жаткан нааразычылык акцияларына байланыштуу, КР Тышкы иштер министрлиги учурда Түркия аймагында жүргөн жарандарыбызды өзгөчө этият болууга жана адамдар көп чогулган жерлерден алыс болууга чакырат.

Министрлик коопсуздукту камсыз кылуу максатында, жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так сактоону жана эч кандай массалык иш-чараларга катышпоону өтүнөт.

ТИМ өзгөчө кырдаал жаралган учурда, төмөнкү байланыш номерлери аркылуу Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө токтоосуз кайрылууну суранат:

  • Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги (Анкара): +90-312-491-35-06 +90-312-491-35-07;
  • Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу: +90-212-235-67-67; +90-535-107-72-12;
  • Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу: +90-546-557-04-71;
  • Кыргыз Республикасынын ТИМинин Консулдук департаменти: +996-312-660-811, +996-999-312-002.