Оштогу    Озгур айылында көчөлөрдү иретке келтирүү иштери улантылат
1 апрель

Оштогу Озгур айылында көчөлөрдү иретке келтирүү иштери улантылат

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 1-апрелде Озгур айылындагы рейддик кыдыруусун улантып, аймактагы жолдордун жана сел каналдарынын абалын көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Мэр бул айылда курулушу токтоп калган мектеп жана балдар бакчасын куруу иштери кайрадан жандана тургандыгын белгилеп, айылдын жолдорун иретке келтирүүгө жергиликтүү тургундарды көмөктөшүүгө чакырды.

Шаар башчысы ошондой эле тиешелүү кызматтарга сел жүргөн аймактарда алдын алуу иштерди жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.