Талас облусунда 10 401 даана акылдуу эсептегич орнотуу иштери аяктады
24 апрель

Талас облусунда 10 401 даана акылдуу эсептегич орнотуу иштери аяктады

«КУЭТ» ААКнын филиалы – Талас электр тармактар ишканасы тарабынан 2025-жылдын ичинде Талас облусунун төрт районунда акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери активдүү жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата жалпы 10 401 даана акылдуу эсептегич орнотулду.

Район боюнча жыйынтыктар:

  • Талас району – 3 320 даана
  • Манас району – 1 250 даана
  • Бакай-Ата району – 2 884 даана
  • Айтматов району – 2 947 даана

2025-жылдын аягына чейин облус боюнча жалпы 36 742 даана акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда:

  • Талас району – 10 842 даана
  • Манас району – 5 600 даана
  • Бакай-Ата району – 7 800 даана
  • Айтматов району – 12 500 даана

Акылдуу эсептегичтерди орнотуу төмөнкүдөй артыкчылыктарды берет:

  • Электр энергиясын так эсепке алуу
  • Төлөмдөрдүн ачык-айкындыгы
  • Жоготууларды жана бузулууларды ыкчам аныктоо
  • Абоненттерге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу

Бул долбоор Талас облусундагы электр тармактарын модернизациялоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат жана тургундарды ишенимдүү, коопсуз жана натыйжалуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.