Кыргызстанда курал-жарактарга көзөмөлдү күчөтүү боюнча SALIENT долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыгы чыгарылды
Бүгүн, 20-мартта, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын координациялоосу менен “Кыргыз Республикасында ок атуучу куралдарга жана жеңил курал-жарактарга көзөмөлдү күчөтүү” SALIENT долбоорунун Координациялык кеңешинин отуруму болуп өттү.
Анда SALIENT долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыгын чыгаруу менен негизги жетишкендиктер көрсөтүлүп, талкууланды жана мындан аркы кадамдар аныкталды.
Марат Иманкулов өзүнүн кириш сөзүндө бир жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын координациялоосу менен эл аралык жана улуттук деңгээлде бир нече маанилүү иш-чаралар өткөрүлгөндүгүн, ок атуучу куралдарды жана жеңил курал-жарактарды көзөмөлдөө жаатында Кыргыз Республикасынын аракеттери эл аралык аренада кеңири колдоо тапкандыгын белгиледи.
Иш-чаранын алкагында “Куралдар реестри” программалык камсыздоонун пилоттук версиясы көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына 50 даана заманбап компьютердик техника жана 25 даана көп функционалдуу принтерлерди тапшыруу аземи өткөрүлдү.
