Саламаттык сактоо министринин орун басары борбор калаанын саламаттыкты сактоо уюмдарында санариптик чечимдердин ишке ашырылышына баа берди
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Нургүл Аднаева Бишкек шаарындагы айрым медициналык уюмдардагы санариптик трансформациянын жүрүшү менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө Улуттук онкология жана гематология борборунун адистери учурдагы амбулатордук кабыл алуунун уюштурулушу жана колдонулган маалымат системалары менен тааныштырышты. Мекеменин жетекчилиги менен болгон жумушчу жолугушуунун жыйынтыгында ички процесстерди оптималдаштыруу жана медициналык документтердин ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында «Санарип клиник» мамлекеттик маалымат системасына өтүү чечими кабыл алынды.
Медицина кызматкерлеринин жогорку жүктөмү жана онкологиялык оорулуулар арасында кезек күтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Талкуунун жыйынтыгында күтүү убактысын кыскартууга жана медициналык жардамдын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоого багытталган санариптик инструменттерди киргизүү чечими кабыл алынды.
Министрдин орун басары ошондой эле жумуш орундарынын техникалык жактан жабдылышынын деңгээли менен таанышып, бейтаптар менен баарлашып, жарандардын медициналык кызмат көрсөтүү шарттарын жакшыртуу боюнча сунуштарын жана кайрылууларын укту.
Мындан тышкары, Нургүл Аднаева Бишкектеги №6 үй-бүлөлүк медицина борборуна барды, анда санариптештирүүнүн жогорку деңгээли, саламаттыкты сактоонун бирдиктүү маалыматтык тутумунун алкагында санариптик чечимдердин натыйжалуу пайдаланылышы, ошондой эле бейтаптарды кабыл алуунун компетенттүү уюштурулушу белгиленди.
Иш сапардын соңунда министрдин орун басары «Санарип MED» демилгесинин алкагында санариптик чечимди ишке ашыруу өлкөдөгү бардык саламаттыкты сактоо уюмдарын камтышы керектигин, мекеме жетекчилери санариптик чечимдердин толук кандуу ишке ашырылышы үчүн бардык шарттарды камсыз кылышы керектигин баса белгиледи.
