ИИМдин ички иликтөө кызматы: Таласта милиция кызматкерине пара берген жарандар кармалды
9 июнь

ИИМдин ички иликтөө кызматы: Таласта милиция кызматкерине пара берген жарандар кармалды

Талас ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.

2025-жылдын 6-июнь күнү баңгизатына байланыштуу фактыны жеңилдетүү үчүн Бакай-Ата районунун тургундары 1985-ж.т. С.Р., С.Н., С.Р. жана 1986-ж.т. М.А. ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Талас облусу боюнча ыкчам өкүлүнө пара катары 20 000 сом акча каражатын берип жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын ИИМдин ИИКтин Талас облусу боюнча ички иликтөө тобунун ыкчам өкүлдөрү тарабынан кармалышкан.

Жогорудагы жарандар кылмыш ишинин алкагында Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына Талас шаарынын сотунун чечими менен киргизилди.