Пенсионерлерге кандай медициналык кызматтар бекер
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду пенсионерлерге кандай кызматтар көрсөтүлөрүн айтып берди.
70 жашка чейинки пенсионерлер Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ) төмөнкүлөрдү акысыз алышы мүмкүн:
- адистердин кароосунан жана консультацияларды;
- эмдөөнү.
- ийне саюуну (өзүнүн дарысын жана шприцтерин берүү менен).
- негизги (12 түр) жана кошумча (42 түр) анализдерин жүргүзүүнү.
Жеңилдик шарттарына:
- 50% арзандатуу физиотерапевттик кызмат көрсөтүүлөргө, реабилитацияга, күндүзгү стационарда медициналык процедураларга, УЗИге, рентгенографияга;
- жеңилдетилген дарыларга:
- 90%га чейин — бир катар ооруларды дарылоодо (бронхтук астма, эпилепсия, терминалдык стадиядагы онкология ж.б.);
- 50%га чейин — ММКФ бекиткен тизмеге ылайык башка ооруларды дарылоодо.
70 жаштан жогору пенсионерлер жогоруда аталган дарыларга кошумча төмөнкүлөргө укуктуу:
- күндүзгү стационарларда акысыз кызмат көрсөтүүлөргө;
- акысыз реабилитациялык жана физиотерапевттик жардармдарга.
70 жашка чейинки пенсионерлер үчүн мамлекеттик стационарларда (ооруканаларда):
- пландаштырылган ооруканага жаткырууда минималдуу деңгээлде кошумча төлөө каралган (330 сом — терапевттик профилге, 430 сом — хирургиялык профилге). Бул суммага наркоз берүү менен операцияларды жүргүзүү, лабораториялык жана диагностикалык изилдөө, стационарга жеткиликтүүлүк, ошондой эле физиотерапевттик жана реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөр киргизилген.
- Жашоо үчүн маанилүү каражаттарынын тизмесине (ЖМКТ) ылайык дары-дармек менен камсыз кылуу.
70 жаштан жогору пенсионерлер үчүн мамлекеттик стационарларда (ооруканаларда):
- жылына эки жолу акысыз пландаштырылган ооруканага жаткырууга укук берилет. Үчүнчү жана андан кийин ооруканага жаткырууда минималдуу кошумча төлөөлөр алынат (330 сом — терапевттик профилге, 430 сом — хирургиялык профилге).
- ооруканага жаткыруунун алкагында төмөнкүдөй акысыз кызматтар көрсөтүлөт: наркоз берүү менен операцияларды жүргүзүү, лабораториялык жана диагностикалык изилдөө, стационарга жеткиликтүүлүк, ошондой эле физиотерапевттик жана реабилитациялык процедуралар. Жашоо үчүн маанилүү каражаттарынын тизмесине (ЖМКТ) ылайык дары-дармек менен камсыз кылуу.
Өтө маанилүү! Эгер дарыгердин жолдомосу же пенсиялык күбөлүгү жок болсо, максималдуу деңгээлдеги кошумча төлөөлөр төлөнөт (2024-жылга 8 400–14 310 сом).
Медициналык кызматтардын сапатына байланыштуу суроолорго жана даттанууларга ыкчам жооп берүү үчүн пенсионерлер күнү-түнү иштеген 113 ишеним телефонуна кайрылса болот, ал жерде адистер аларды кабыл алууга жана кароого даяр.
