Нарын электр тармактар ишканасынын жаңы имаратынын курулушу башталды 
12 апрель

Нарын электр тармактар ишканасынын жаңы имаратынын курулушу башталды 

12-апрелде Нарын электр тармактар ишканасынын административдик имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, мезгил кутучасын салуу аземине энергетика министри Таалай Ибраев, КРнын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов катышты.

Үч кабаттан турган имаратты 5 ай аралыгында салынып бүткөрүү пландалууда.

Курулуштун наркы 55 млн 200 миң сомду түзөт.

Маалыматка ылайык, «КУЭТ» ААКтын филиалы быйыл Нарын облусунда 8 объектинин курулушу жүргүзүлөт. Аларга «КУЭТ» ААКтын филиалы Нарын электр тармактарын өнүктүрүүгө, ишкананын кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында Нарын РЭТ, Ат-Башы РЭТ, Жумгал РЭТ администрациялык имаратынын курулушу, Кочкор районунда темир-бетон мамычаларын өндүрүүчү цехтин, Кочкор РЭТинде ремонттук цехтин курулушу, Ат-Башы районунда 35/10 кВ «Талды-Суу» көмөкчү чордонун куруу, 110/35/10 кВ «Кур-Терек» көмөк чордонун куруу, мындан тышкары, Тогуз -Торо РЭТине 674 м2 түзгөн сактоо жайлары жана бокс аянтчаларын куруу кирет.