Чет мамлекеттердеги алгачкы шайлоо участогу Россиянын эң алыскы аймактарынын бири – Петропавловск-Камчатск шаарында ачылды
Россиянын эң алыскы аймактарынын бири – Петропавловск-Камчатск шаарында №9095 чет өлкөдөгү биринчи шайлоо участогы ачылды. Бул жерде Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, өздөрүнүн конституциялык укугун ишке ашыра алышат.
Бул участокто Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо добуш берген алгачкы жаран О.М.А. болду. Ал мекенден алыс экенине карабастан, өз укугун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө ыраазычылык жана терең канааттануусун билдирди.
