Жогорку Кеңештин депутаттарын жайдан тышкары шайлоодо 9318 адам добуш берди
30 ноябрь

Жогорку Кеңештин депутаттарын жайдан тышкары шайлоодо 9318 адам добуш берди

29-ноябрда саат 20:00дө шайлоо күнү шайлоо участогуна барууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн жайдан тышкары добуш берүү аяктады.

Жалпысынан өлкө боюнча 2 492 участкалык шайлоо комиссиянын ичинен 1 332 шайлоо комиссиясына 10 329 арыз келип түшкөн.

Күн ичинде, саат 8:00дөн 20:00гө чейин добуш берүүгө 9318 адам катышты, бул жайдан тышкары добуш берүүгө арыз берген шайлоочулардын 90,6 % түзөт.

Добуш берген 9318 шайлоочулардын ичинен:

– курагы боюнча – 3 323 арыз;

– майыптыгы боюнча – 1 933 арыз;

– ден соолугунун абалы боюнча – 3 591 арыз;

– айрым категориялардагы шайлоочулардан – 517арыз.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, жайдан тышкары добуш берүү денсоолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участкаларына келе алыщпаган шайлоочулар, ошондой эле ооруканаларда, камакта кармоо жайларында кармалып турган же алыскы калктуу конуштарды жана мал чарбасынын алыскы участкаларын кошуп алганда, жетүүгө кыйын райондордо убактылуу жашаган жарандар үчүн уюштурулат.