Жумгал райондук прокуратурасынын жаңы административдик имараты ачылды
Башкы прокуратура
15 сентябрь

Жумгал райондук прокуратурасынын жаңы административдик имараты ачылды

Жумгал райондук прокуратурасынын жаңы административдик имараты ачылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. 

Иш-чарага башкы прокурор Малик Бектурганов катышты.

Ал өз сөзүндө прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, жаңы имарат мыйзамдуулукту камсыз кылуу, укук тартибин бекемдөө жана жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштердин натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөрүн билдирди.

Ошондой эле, Башкы прокурор прокуратура кызматкерлерин өздөрүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди ак ниет, жоопкерчиликтүү жана так аткарууга чакырды.

Жаңы административдик имарат заманбап талаптарга ылайык жабдылып, кызматкерлердин ишин натыйжалуу уюштуруу үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөн.

Мындан сырткары, Башкы прокурор Жумгал районунун Чаек айылында жайгашкан «Нур-Булак» үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө барып, тарбиялануучулар менен баарлашып, 2026–2027-окуу жылына карата балдарга керектүү окуу куралдарын тапшырды.