Садыр Жапаров жумуш сапары менен Ошко барат
6 декабрь

Садыр Жапаров жумуш сапары менен Ошко барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда, бир күндүк жумуш сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. 

Анын айтымына караганда, мамлекет башчысы Өзгөн айланма жолунун ачылыш аземине катышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.