Чолпон-Атада ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун куруу иштери улантылууда
20 март

Чолпон-Атада ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун куруу иштери улантылууда

Учурда республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган капиталдык салымдар программасынын алкагында Чолпон-Ата шаарында Советский көчөсү боюнча узундугу 4 км болгон суу менен камсыздоо тутумун куруу иштери улантылууда.

Белгилей кетсек, курулуш-монтаждоо иштеринин 70% аяктаган. Диаметри 377 мм жана 108 мм болгон болот түтүктөр 3,1 км аралыкка төшөлдү.

Курулушту өз мөөнөтүндө бүткөрүү максатында 2025-жылдын 18-мартында Суу ресурстары кызматынын алдындагы «Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрү» мамлекеттик мекемесинин, Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын жана подряддык уюмдун өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында негизги курулуш-монтаждоо иштерин 2025-жылдын 15-апрелине чейин бүткөрүү боюнча биргелешкен чечим кабыл алынды.

Белгиленген мөөнөттөрдү сактоо үчүн подряддык уюмга жумушчулардын жана атайын техниканын санын көбөйтүү сунушталды.