Кыргызстандын аймагында бир жумада 21,6 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 7-июлдан 13-июлга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча 21 миң 682 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинде:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 677;
- Мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 274;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 143;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 977;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 010;
- Авто ээнбаштык – 65;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 633;
- Жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 7;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –11 896;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 991 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
