Бишкектин айрым жерлеринде 25-апрелде ичүүчү суу болбойт
Бишкектин айрым жерлеринде 25-апрелде саат 09:00дөн 00:00гө чейин ичүүчү суу болбойт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Өчүрүү району:
- Матросов көчөсүнүн төмөн жагындагы Медеров көч., Горький көч., чейинки аралыгы.
Өчүрүү диаметри 273 мм болгон суу түтүгүн авариялык оңдоо иштерине байланыштуу.
"Бишкексууканал" МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан, калктан алдын ала ичүүчү сууну камдап алууну суранат.
