Өзбекстандан Кыргызстанга тогуз айда 2,7 миллиондон ашык турист келген
Сүрөт ачык булактардан алынды
20 октябрь

Өзбекстандан Кыргызстанга тогуз айда 2,7 миллиондон ашык турист келген

Кыргызстан 2026-жылдын январь–сентябрь айларында Өзбекстандын жарандары туристтик максатта эң көп барган чет өлкө болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитети маалымдады.

Маалыматка ылайык, тогуз айда Өзбекстандан Кыргызстанга туристтик максатта 2 млн 716,4 миң жаран келген. Бул өзбекстандыктардын чет өлкөлөргө жасаган туристтик сапарларынын жалпы санынын 46 пайызга жакынын түзөт.

Жалпысынан ушул мезгилде Өзбекстандан чет өлкөлөргө туристтик максатта 5,9 млн жаран чыккан. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 132,7 миң адамга көбөйгөн.

Туристтер эң көп барган өлкөлөрдүн тизмесинде экинчи орунду Казакстан ээлеп, ал жакка 1 млн 65,2 миң адам барган. Үчүнчү орунда Тажикстан турат — 983,7 миң адам.

Ошондой эле Россияга 281,6 миң, Түркияга 239,4 миң жана Сауд Арабиясына 209,1 миң өзбекстандык туристтик сапар жасаган.

Алдыңкы ондукка Бириккен Араб Эмираттары (64,8 миң), Кытай (58,5 миң), Египет (45,6 миң) жана Вьетнам (36,3 миң) да кирди.

Ушундайча, Кыргызстан Өзбекстандын жарандары үчүн эң көп тандалган чет өлкөлүк туристтик багыт бойдон калууда.