Чок-Талдын жээгинде массалык мушташ болду: тергөө иштери башталды
14 июль

Чок-Талдын жээгинде массалык мушташ болду: тергөө иштери башталды

13-июль күнү Чок-Тал айылында жайгашкан «Пальм Бич» эс алуу жайынын көл жээгинде топтошкон балдар мушташы Ысык-Көл РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу кечиктирилгис тартипте жөнөтүлгөн. Териштирүү учурунда, болжол менен саат 18:30 чамасында Ысык-Көл районуна караштуу Чок-Тал айылында жайгашкан “Пальм Бич” эс алуу жайынын көл жээгинде жайгашкан пирстин жанынан эс алуучулар менен куткаруучулардын ортосунда пикир келишпестик келип чыкканы, тагырак айтканда куткаруучулар эс алуучуларга барып, тынчтыкты талап кылган учурда акыркылар куткаруучулардын бирөөсүн көтөрүп чабып салган. Ал эми калган эс алуучулар менен куткаруучулар жана ошондой эле күзөтчүлөр андан улам топтошуп мушташып кетишкен.

Азыркы учурда “Пальм Бич” эс алуу жайында болгон топлондун катышуучулары толук түрдө өздүктөрү аныкталып, алар Бишкек шаарынын тургуну 1999-жылы туулган А.А., Жалал-Абад шаарынын тургуну 1999-жылы туулган К.А., Жалал-Абад шаарынын тургуну 1999-жылы туулган М.Б. , Жалал-Абад облусунун Барпы айылынын тургуну 1999-жылы туулган К.А., Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жаны-Дыйкан айылынын тургуну 1999-жылы туулган А.Т. Ысык-Көл РИИБге жеткирилип, тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн камсыздалды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат, териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.