Таластагы Козучак айылына жашоочулардын демилгеси менен 10 видеокамера коюлду
14 июль

Таластагы Козучак айылына жашоочулардын демилгеси менен 10 видеокамера коюлду

2025-жылдын март айында Таласта “Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз келечек” аталышындагы форум өткөрүлгөн. Форумдун алкагында айыл өкмөт, айыл башчыларына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, коомдук активисттерге Талас ОИИБдин Санарип кырдаал борбору көрсөтүлүп, айылдарга видеокамераларды орнотуу сунуштары берилген.

Натыйжада Талас районунун Козучак айылынын жашоочулары коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өздөрү демилге көтөрүп, каражат чогултушуп, айылга 10 видеокамера орнотушту. Алардын бирөө адамды жүзүнөн тааныса, дагы бири 360 градуска бурулат. Калганы стационардык камералар. Орнотулган видеокамералар Талас ОИИБдин Санарип кырдаал борборуна туташтырылып, нөөмөттө турган кызматкерлер 24 сат бою көзөмөлгө алышат.

Айыл тургундары бул демилгеси менен кылмыштуулуктун жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатын көздөшөт. Ошондой эле мамлекет тараптан жардам күтпөстөн, Президент Садыр Жапаровдун өлкө үчүн жасап жаткан алгылыктуу жумуштарына колдоо көрсөткөн айыл элинин салымы катары баалашат.

Козучак айылы Беш-Таш жаратылыш паркына кетчү жолдо, деңиз деңгээлинен 2450 метр бийиктикте жайгашкандыктан жай мезгиленде бул аймактан ары-бери каттаган автоунаалардын саны көбөйөт.