Төө-Ашуудагы тоннелде каттам эки тараптуу ачылды
Бишкек–Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы К.Көлбаев атындагы тоннель (Төө-Ашуу ашуусу) саат 10:34тө каттам үчүн эки тараптуу ачылды. Учурда унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Тоннелдин кызматкерлери аба тазалоочу вентиляторду чечип, оңдоого алып кетишкен. Ал эми куткаруучулар тоннелдин ичиндеги газды текшерип, аба көрсөткүчү нормада экенин аныктап чыгышты.
Буга чейин маалым болгондой, бүгүн Төө-Ашуудагы тоннелде саат 09:13дө VOLVO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа аба тазалоочу вентиляторго тийип, унаалардын өтүшүнө кооптуулук жараткан.
Мындан улам тоннель эки тараптуу унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылып, жерине тиешелүү кызматкерлер тартылган.
