Көңүл буруңуздар! Төө-Ашуудагы тоннель эки тараптуу жабылды
Бишкек–Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы К.Көлбаев атындагы тоннель (Төө-Ашуу ашуусу) эки тараптуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, VOLVO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа аба тазалоочу вентиляторго тийип, унаалардын өтүшүнө кооптуулук жараткан.
"Учурда тоннель эки тараптуу унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылган. Жерине эки куткаруучу жана тоннелдин кызматкерлери тартылган", - деп айтылат маалыматта.
Кошумча маалымат берилет.
