Баткендеги Жаңы Достук айылына электр энергиясы берилди
Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Чет-Булак аймагына курулган Жаңы-Достук айылынын курулушу дээрлик аяктады.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, 14-октябрда айылга толугу менен электр энергиясы берилип, көчөлөр жарыктандырылды.
Аткарылган иштерди президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жеринен көрдү.
Айылга Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан "Кара-Булак" 35/10 кВ көмөк чордонунан 10 кВ аба чубалгы тартылды.
Калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында, кубаттуулугу 400 кВА болгон 4 даана жаңы көмөк чордону орнотулду;
Ар бир турак үйгө электр эсептегичтер орнотулду.
