Бишкекте курулуп жаткан Конгресс-холл «Ырыс Ордо» коомдук пайдаланууга да кызмат кылмакчы
15 октябрь

Бишкекте курулуп жаткан Конгресс-холл «Ырыс Ордо» коомдук пайдаланууга да кызмат кылмакчы

14-октябрда, өткөн уюштуруу комитетинин экинчи жыйынында Конгресс-холл боюнча дагы маалымат берилди.

Белгиленгендей, объект толук бүткөрүлгөндөн кийин ал мамлекеттик иш-чаралар менен гана чектелбестен, жарандарга жана ар кандай уюмдарга да пайдаланууга берилмекчи. Бул аркылуу Конгресс-холл бош туруп калбай, өзүн-өзү камсыз кылып иштөө зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, Конгресс-холлдун жанында сегиз заманбап шарттары бар конок үйлөрү курулууда. Ошондой эле анын жанында жаңы парк салынат.

Комитеттин төрагасы, Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бул кадамдар «Ырыс Ордо» комплекси толук кандуу иштешине жана борбор калаанын заманбап архитектуралык түзүмүнө салым кошоруна көңүл бурду.