Бир орунга беш адамдан: Шаардык кеңештерге талапкерлерди каттоо аяктады
9 октябрь

Бир орунга беш адамдан: Шаардык кеңештерге талапкерлерди каттоо аяктады

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кезектеги шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык партиялар тарабынан шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү аяктады.

39 саясий партия 33 шаардык кеңештин депутаттыгына 188 талапкердин тизмесин көрсөттү. Жалпысынан 188 талапкерлердин тизмесинде бардыгы болуп 993 мандат үчүн шаардык кеңештин депутаттыгына 5119 талапкер көрсөтүлгөн, анын ичинен 3281 - эркектер, 1838 - аялдар, бул 35,91% түзөт.

Эң көп – 9 партия Кант, Кара-Балта, Токтогул жана Базар-Коргон шаарларында катышууда;

Раззаков, Сүлүктү жана Балыкчы шаарларында 8 партия катышууда;

Айдаркен, Көк-Жаңгак, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарларында 3 партиядан катышууда;

Башка шаарларда 4төн 8ге чейин партия бар.

Шайлоого жалпысынан 39 партия катышууда, мында :

“Ынтымак” партиясы 32 шаарда (бардык шаарларда, Жалал-Абад шаарынан тышкары) шайлоого катышат

«Жаңы Кыргызстан» партиясы – 30 шаарда (Бишкек, Кемин жана Орловкадан башка).

“Ишеним” партиясы -15 шаарда.

«Эмгек» партиясы -14 шаарда.

«Адилет» партиясы -12 шаарда.

Социал-демократиялык партия - 11 шаарда.

“Бирге – Вместо” партиясы- 9 шаарда.

“Эл биримдиги” партиясы – 8 шаарда.

“Эл үмүтү” партиясы – 7 шаарда.

“Ыйман Нуру” партиясы -6 шаарда.

«Мурас» партиясы — 5 шаарда.

“Мекендеш” партиясы - 4 шаарда.

“Энергетик” жана “Замандаш” партиялары – 3 шаарда.

“Таза Коом”, “Ордо”, “Милдет”, “Эл Аман” партиялары – 2 шаарда.

21 партия бирден талапкердин тизмесин көрсөттү, алар: “Коммунисттер партиясы”, “Уулу Журт”, “Жаңы Доор”, “КЭДП”, “Калк ынтымагы”, “Ала-Тоо кыргыз жери”, “Жаңы күч – Новая сила”, “ Элдик” Кыймыл”, “Патриот Ынтымагы”, “Жаштар”, “Тынчтык”, “Эркин Эл”, “Бир Бол”, “Биздин Келечек”, “Ата-Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ак-Нур-Келечек”, “Таза-Булак”, “Адилдеттүү Кыргызстан”, “Улуу Кыргызстан”, “Аманат элдик социалисттик партиясы”.