Караколдо «Балдарга ыңгайлуу шаар» форуму өттү
20 март

Караколдо «Балдарга ыңгайлуу шаар» форуму өттү

Караколдо «Балдарга ыңгайлуу шаар» аттуу форуму өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, иш-чарага тиешелүү мекемелердин жетекчилери, ата-энелер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Форумдун негизги максаты – балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын ден соолугун, билим алуусун жана социалдык өнүгүүсүн жакшыртуу боюнча талкуу жүргүзүү болду.

Караколдун мэри Тимур Мадяров балдардын тарбиясы жана коопсуздугу боюнча бардык жоопкерчиликти мугалимдерге гана жүктөп койбостон, ата-энелер да өз милдетин терең сезиши керектигин баса белгиледи.

Ар бир ата-эне өз баласына жетиштүү көңүл бөлүп, анын жүрүм-турумуна, тарбиясына жана билим алуусуна жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу зарыл.

Ошондой эле, форумда зордук-зомбулукту алдын алуу маселеси көтөрүлүп, балдардын укуктарын коргоо жана алар үчүн коопсуз чөйрө түзүү боюнча иш-аракеттер талкууланды.