Айжигитов жаңы шайлоо системасына каршы: 30 жыл артка кетебиз
Депутат Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы шайлоо системасы алдыга эмес, артка жол баштай турганын билдирди.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун жаңы түрүн сунуштаган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатышат. Анда көп мандаттуу 30 шайлоо округун түзүү сунушталып, анын ичинен үч депутат шайланат.
«30 жылда эволюциянын жыйынтыгында бир мандаттуу округдар боюнча шайлоо болгон. Андан кийин партиялык тизме менен шайлоого өттүк. Кайра бир мандаттуу округга кайрылдык дагы, кайра эле партиялык тизмени ылайыктуу деп таптык.
2021-жылы эң жакшы системаны – аралаш системасын түптөгөнбүз. Аны менен партиялык коррупцияны жок кыла алдык. Талапкерлер жерлигине карабай тандалган. Бирок бул нерсе шайлоочулар кайсы бир маселеси менен кимге кайрылаарын билбей калган абалды жараткан. Анын айынан 36 бир мандаттуу округ түзүлгөн», – деди депутат.
Ал бул системанын аялдар квотасына дагы оң таасирин тийгизгенин белгилеп, ушул системаны калтырууну сунуштады.
«Болбосо кайрадан 30 жыл мурунку убакка кайтып барабыз», – деди Айжигитов.
