Коюу тумандан улам Бишкек жана Оштогу рейстер кармалууда
6 декабрь

Коюу тумандан улам Бишкек жана Оштогу рейстер кармалууда

Коюу тумандан улам "Манас" жана "Ош эле аралык аэропортторунда бир катар рейстер кармалууда. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, "Манас" аэропортунда — Ош, Жалал-Абад, Талас, Сургут, Анталия, Стамбул, Ташкент багыты боюнча рейстер кармалууда.

Ал эми "Ош" эл аралык аэропортунда төмөнкү рейстер кармалууда: 

  • Ош-Стамбул
  • Ош-Екатеринбург
  • Ош-Домодедово
  • ОШ-Шереметьево
  • Ош-Жуковский
  • Ош- Внуково
  • Ош- Эль-Кувейт, 2 рейс
  • Ош-Джидда
  • Ош-Бишкек, бардык рейстер.