Баткен облусуна эки тез жардам унаасы тапшырылды
20 март

Баткен облусуна эки тез жардам унаасы тапшырылды

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна эки тез жардам унаасы белек катары тапшырды. 

Белгилей кетсек, бүгүн мамлекет башчысы Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Баткен шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жаңы окуу-дарылоо жана илимий комплексин жана өлкө боюнча онлайн режиминде 15 социалдык объекттерди ачты.