Спикер: Депутат болом деген адам үчүн 300 миң сом табуу кыйын эмес
Депутат Марлен Маматалиев эмне үчүн саясий партиялар үчүн 9 миллион сомдук шайлоо күрөөсү коюлганын түшүндүрдү.
Айтымында, бир мандаттуу округдан чыккан талапкер 300 миң сом төлөйт, саясий партия 30 талапкерин чыгара турган болсо, ар бири 300 миң сом болуп, жыйынтыгында 9 миллион.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун жаңы түрүн сунуштаган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатышат. Көп мандаттуу 30 шайлоо округун түзүү сунушталып, анын ичинен үч депутат шайланат.
Спикер Нурланбек Тургунбек уулу буга чейин депутат Балбак Түлөбаевдин “саясий партиялар үчүн 9 миллион, жалгыз талапкер үчүн 300 миң сом чоң акча” деген пикирине жооп берди.
«2005-жылы бир мандаттуу шайлоо округунда шайлоо күрөөсү 30 миң сом болгон. Андан бери 20 жыл өттү. Канча инфляция өстү. Бүгүнкү 300 миң сом 2005-жылдагы 30 миң сомдон арзан», – деди.
Ошондой эле мыйзам долбоорундагы талапкер БШКга арыз жазаарда шайлоо күрөөсүн төккөнүн тастыктаган квитанция менен барыш керек деген норманы түшүндүрдү:
«Эмне үчүн биринчи күрөөнү төгүп, андан кийин гана арызын жазсын деп атабыз? Анткени, өзүңөр билесиңер, президенттик шайлоого 87, депутаттыкка 150 талапкер чыгып алат. Бирок күрөөсүн төкпөй, акырына чейин күтүп отурушат, ким келет, кайсы талапкер менен соодалашам деп. Ал эми БШК ар бир талапкер үчүн тийиштүү иштерди жүргүзөт, ал адам тууралуу ар кайсы органдарга сурамжылоо жөнөтүшөт. Анан ошончо убаракерчиликтен кийин баягы талапкер кайсы бир тарап менен соодалашып алат дагы, талапкерлигин алып коет. Ошондуктан, дароо күрөөсүн төлөп, анан арызын жазышсын. 300 миң сом депутат болом деген адам үчүн кыйынчылык туудурбаган чен деп ойлойм», – деди төрага.
