Баткен облусунда бүгүн 8 социалдык объект ачылды
Баткен облусунда бүгүн, 20-мартта 5 билим берүү, 3 саламаттыкты сактоо объектиси ачылды. Алардын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, мамлекет башчысы Баткен шаарындагы И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо жана илимий комплексинин салтанаттуу ачылышына катышып, башка 7 объекттин ачылуусуна аралыктан старт берди.
Алар;
- Баткен районунун Алтын-Бешик айыл өкмөтүнө караштуу Таян айылындагы 150 орундуу Таян орто мектеби
- Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы 500 орунга ылайыкташтырылган С.Айтматов атындагы орто мектеби
- Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Кара-Жыгач айылындагы 375 окуучуга ылайыкташтырылган “Дыйкан”орто мектеби
- Кадамжай районунун Марказ айыл аймагына караштуу Көк-Талаа айылындагы 275 окуучуга ылайыкташтырылган “Кудайкул Саттаров” атындагы орто мектеби
- Кадамжай шаарындагы 90 орундуу “Ромашка” мектепке чейинки билим берүү мекемеси.
Билим берүү мекемелеринин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, заман талабына ылайык жабдуулар менен камсыздалган. Окуучуларга кесипке багыт берүү үчүн кааналар, китепкана, спорт эмеректери менен спорт залы, жыйындар залы, компьютердик кааналар түзүлгөн.
Мындан сырткары, Лейлек районунун,
- Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылындагы №25- үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу
- Кулунду айыл аймагынын Ак-Арык айылындагы №7-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу
- Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, "CASA-1000 долбоорунун алкагында, АРИС уюму тарабынан курулду.
